Сүлүктүлүк гимназист, Алтын Сертификат жана Алтын тамга ээси Эркинова Айзада Бакытбековна бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алды.
«Кыргыз Республикасы боюнча бардык Алтын Сертификат ээлерин Президентибиз куттуктады. Бардыгына Президенттин алкыш барагын, акыркы үлгүдөгү смартфон жана акчалай сыйлык тапшырды. Сыйлоо аземи Президенттин Энесай резиденциясында болуп өттү»- дейт Айзада Эркинова.
Белгилей кетсек, Айзада Эркинова көп жылдан бери Кошбулак жамааттык мультимедиа борборунда ыктыярчы болуп, кабар жазып келет.
Даярдаган: Барчынай Алимова