Баткен шаарындагы «Ай-Көл» ресторанында ишкерлердин облустук форуму болуп өттү. Форумду Кыргыз Республикасынын экономика министри бир катар донордук уюмдар менен шериктеш болуп уюштурган. Форумда эмне маселе каралды жана Сүлүктүлүк ишкерлер кандай жыйынтык алды, окурмандарыбыз үчүн маалымат алдык.
«Форумда негизги тема ички, региондордогу инвестициялык шартты жаратуу болгондуктан, бул жаатта жеке ишкердин укугун коргой турган юридикалык маалыматтары пайдалуу болду. Жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иштей турган мыйзам жолдорун үйрөндүм»,- деп маалымат берди Сүлүктүдөгү «Кара-Алтын-Кен» шахтасынын директору Каныбек Исмаилов. «Чет мамлекеттерден бизнес өнөктөш таап, ири инвестициялык долбоорду ишке ашырсам деп ойлоп жүргөм, форумдан кийин көптөгөн суроолорума жооп алып, инвестициялык долбоорумду ишке ашырууга боло турганына көзүм жетти. Негизинен форум баарыбызга пайдалуу болду»,- деп маалымат берди Сүлүктүдөгү «Кызыл-Булак»- шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев.
Даярдаган: Айзада Эркинова