Сүлүктүнүн 150 жылдыгын утурлап басмадан чыгарылган Гапыр Мадаминовдун «Сүлүктү тарыхы» китеби окурмандардын колунан түшпөй, коомчулуктун кызуу талкуусунда.
Коомчулуктун өкүлдөрү: «Биринчиден ушул китепти басмадан чыгарып берген Сүлүктүнүн мэри Рахман Абдыназаровго ыракмат. Анткени майрам өтүп кетет, кийинки муундарга китеп калат. Экинчиден Гапыр Мадаминовго ыракмат. Китеп өтө мыкты жазылыптыр. Алыс жактарда жүргөн сүлүктүлүктөр китепти окуп алып, көзүбүзгө жаш алдык. Мен өзүм ушул китепте берилген Сайдали Кенжебаевдин небереси боломун»- дейт, Ош шаарынан, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Сайдалиева Гульсара Баарайимовна.
Бишкек шаарында иштеп жаткан: «Мен өзүм сүлүктүлүк болбосом дагы, бул китепти окугандан кийин Сүлүктүнү сүйүп калдым»- дейт китепти басмага даярдаган редактору Сайрагүл Дуулатова.
«Бул китеп жазылып бүтүп басмага даярдалып жатканда Гапыр Агайдын үйүнө Таш-Короо шахтасынын жетекчиси Карабаев Гайназар Маннанович экөөбүз барып калдык. Ал жердеги архивдик материалдарды карасак, Гапыр Агай кагазга көмүлүп отургандай эле болду. Ошончо материалды ондогон жылдар бою чогултуп, арасынан алып, иштетип, бир китеп кылып жазган Гапыр Мадаминовдун эмгегине таазим»- дейт Сүлүктү шаардык Кеңешинин депутаты, Айтемиров Камал Мурзакулович.
«Китептин баркына жетип, элибиз үчүн басмадан чыгарып берген шаардын мэри Рахман Эрматовичке ыракмат айтат элем. Көп эле район шаарлар маараке кылса утурумдук нерселер менен өтүп кетет. Рахман Эрматовичтен элге ушул китеп калат. Эми Гапырга сөз жок. Бүт архивдик материалдар, тарыхый фактыларга негиздеп, жазган. Бир эле китепке Москва, Бишкек, Ташкент, Самарканд, Хожент жана Сүлүктү архивдеринен материал топтогон. Бир эле архивден материал алып китеп чыгаргандар да болот да кээде. Бул китепти чыныгы элдин уулу жазган десек болот»- дейт, сүлүктүлүк тарыхчы Жолдош Саиткулов.
«Тарых боюнча көп китептерди окуп жүрөмүн, бирок көркөм адабияттай болуп кызыктуу жазылган тарых китебин биринчи окушум»- дейт тарых предметинен Республикалык олимпианын жеңүүчүсү, математикадан Эл аралык олимпиададан биринчи орунду ээлеген, 11-класстын гимназисти Эркинова Айзада Бакытбековна. «Китеп тарыхый жактан да, тарбиялык жактан да өтө пайдалуу. Эки үч жолу кайра кайра окуп чыгып, мугалимдерге класстык тарбиялык саатарды өтүүдө колдонууга сунуш кылдым»- дейт Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн Отличниги, «Мыкты мектеп жетекчиси-2018′ сыйлыгын алган, Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна.
«Китептин мага өтө катуу таасир калтырган жерлери китептеги Сүлүктүнүн мэри Абдыназаровдун баш сөзү жана китепте берилген Сүлүктүнүн өнүгүү перспективасы деген тема болду. Менин оюмча Сүлүктүнүн өнүгүү перспективасын Гапыр Мадаминов көрөгөчтүк менен жазган, китеп келечек муундарына багыт берет, китептин баалуулугу мына ушунда»- дейт Сүлүктү шаардык мэриясынын вице-мэри Сапаркулова Марзия Эркиновна.
Урматтуу окурмандар, мындан кийинки макалабызда да китеп боюнча көптөгөн инсандардын пикирин берип турабыз.
Кабарчы: Нурбай кызы Акмарал