Сүлүктү шаарындагы мекеме ишканалардын жана спорт сүйүүчүлөрдүн арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш эки багыт боюнча уюштурулду.
Шаардагы «Кызыл-Булак» шахтасынын директору Исманали Карабаев уюштурган волейбол боюнча мелдеш 9-сентябрда болуп өттү. Эки система боюнча өткөн таймаш төмөнкүдөй жыйынтыкталды.
«Олимпиадалык» система менен өткөрүлгөн түрү боюнча:
1- орунду Сүлүктү шахта курама командасы алып, 6 миң сом утуп алды. 2-орун ОсОО «Ак-Булак» командасы — 5 миң сом, ал эми 3-орун Сулюкта РЭС командасы 4 миң сом жана 4-орунду Сүлүктү шаардык Ички иштер бөлүмүнүн командасы ээлеп 2 миң сом акчалай сыйлыктарды утуп алышты.
Андан кийин «абсолют» системасы боюнча өткөрүлгөн мелдеште:
1- орунду ОсОО «Ак-Булак» алып, 6 миң сом утуп алса, 2-орунду Сулюкта РЭС алып, 5 миң сомго татыды.
«Калган командаларга 2 миң сомдон ыйгарылды. Оюн учурунда чеберчилиги менен айырмалана алган оюнчуларга да ар бирине 500 сомдон кызыктыруучу сыйлык ыйгарылды», — деди мелдештин уюштуруу тобунун башчысы Кеңешбек Токтогулов.