26- апрельде Бакай-Ата айылында Чернобыль кырсыгынан каза болгондорду эскерүү митинги өттү. Быйыл кырсыктын болгонуна 33 жыл болду.
Талас шаардык бириккен аскер комиссариатынын маалыматына караганда, ошол кезде Талас облусунан жалпысы 101 адам Чернобыль кырсыгын жоюуга жөнөп кетишкен. Азыр алардын ичинен 54 адам эмгектенип жашап жүрүшөт. Бүгүнкү күндө Бакай-Ата району боюнча 19 адам Чернобыль апаатынын катышуучусу жашайт.
Эскерүү аземинде апаатка катышып курман болгондорго куран түшүрүп, эскерүү мүнөтү менен залп атылгандан кийин Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжамал Шамбетова өзүнүн окуя тууралуу эскерүү кеби менен куттуктоосун акимдин жана өз атынан айтып, катышкандардын амандыгын тиледи. Кырсыкка катышкандардын атынан жетекчиси да өз жакшы каалоолорун айтса, райондук аскер комиссариаты айрымдарына Ардак Грамотасын тапшырды. Акырында чакан концерт менен сый тамак уюштурулду.
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тиет. Ошондон улам, Кыргызстанда Чернобылга барган адамдардын 1,5 миңдей балдары дарыгерлердин дайымкы көзөмөлүндө турат.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Сүрөттөрдүн автору: Бообек Чүкөтаев