Талас облусунун Бакай-Ата району боюнча 21 мектеп жана 15 бала бакчасы бар. 2019- жылдын апрель айында, мектеп мугалимдери жана бала-бакча тарбиячылар үчүн кароо-сынактар болуп өттү.
13- апрель 2019- жылы райондук мектептер арасында «Жыл мугалими- 2019» кароо сынагы уюштурулуп, гран приге ээ болгон мугалим облустук кароо-сынака жолдомо алды. Жыйынтыгында Боо-Терек айылынын «Б.Сатыбеков» атындагы орто мектебинин мугалими гран- прини утуп алды. Сынактын турлары, биринчи предметтик сабакты өтүп беришти, экинчи турда мугалим өз өнөрүн тартуулады, андан кийин педагогигалык концепциясын жакташты, портфолиосун карап чыгып тесттен өтүштү.
17- апрель күнү бала бакчалар үчүн дагы, «Жыл тарбиячысы- 2019» кароо сынагы болду. Жыйынтыгында, өзгөчө сыйлык катара «Ыйман» бала бакчасы, III орунга «Баластан», II орун Ак-Дөбө айыл аймагынын «Ак-Дөбө 1»жана «Гүлзар» бала бакчалары, I орунга болсо «Наристе» бала бакчасы ээ болсо, гран-прини жана облустук сынакка катышуу жолдомосун «Ж.Сооронкулова» балдар бакчасы алды.
Ошондой эле, мугалимдер жана тарбиячылар ар ай сайын облустук жана республикалык семинар-тренингтерде катышып, жаңы окуу куралдарын колдонуу ыкмаларын үйрөнүшөт.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова
Сүрөттөрдүн автору: Бообек Чүкөтаев