Нарын районундагы Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары кыргыз тили күнүнө карата кече майрамын өткөрүштү. Кечеге 11-класстын ата-энелери чакырылып, келген ата-энелерге балдары бата берип, ыр күлкү тартуулашты.

Кеченин ачылышы Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.
Найзабек Муканбет уулуну кыргыз жерин даңктаган ырды көркөм айтканда залдын ичи кунт коюп угуп олтурду.

Кеченин уюштуруу максаты — кыргыз элинин баалуулуктарын тилдин күчү менен элге жеткирүү. «Алдыга койгон ушул максатыбыз орундалды» дейт кеченин катышуучусу Каныбек Орозбек уулу.
«Биздин класс жетекчи эжебиз кечеде кыргыздын баардык баалуулугун тилдин күчү менен элге айтып бергиле деген. Келген көрүүчүлөргө чынында биз баалуулуктар жөнүндө көп маалыматтарды эне тилибиздин күчү менен бере алдык дейт», — Орозбек уулу.

Андан соң келген ата-энелер балдарынан бата алып, кубангандарын жашыра албай турду.

Өзүнүн баласынын кечесин көргөнү келген Сайрагүл Ашыракманова балдар кечеде баалуулуктар боюнча элге көп маалымат бере алгандыгын жана балдардын талантту экенин айтты.
«Бул класстын балдары таланттарга бай жана эч нерседен тартынышпайт. Кечеде көптөгөн маалыматтарды элге тилдин күчү менен жакшы түшүнүктүү жеткире алды. Кеченин даярдыгы жакшы экен балдар көп изденип даярданганы көрүнүп турду», — деди ал.

Ата-энелерге балдары «Талым кыз менен Көбөктүн айтышын» комуздун коштоосунда чертип берди.

Келген конокторду өзгөчө балдардын аткаруусундагы «Ачуу айран ичебиз» бийи кызыктырды.

Аталган кечеге көрүүчү болуп келген мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова балдардын азыраак даярданганын айтты.
«Кечени коюп берген 11-класстын окуучуларына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ата-энелер келгенге сүрдөдүбү, айтор балдар ырларын айтып жатып такалып калып атышты. Мындан кийинки кечеңерди мындан жакшыраак даярдайсыңар деп ойлойм», — деди мектеп директору.

Кыргыз тили күнүнө арналган кече кыздардын «Арча бешик » аталышындагы ыры менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Кумарбек Мажик уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн