Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата короздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.

Азиз Таайлайбеков Токсобаев мектебинин 11-классында окуйт. Ал эки жылдан бери кыш айында ушинтип муздан ар кандай айкелдерди жасап турат.

Быйылкы жыл тоок жылы болгондуктан, Азиз короздун айкелин жасоону чечкен. Ал төрт күндүн ичинде короздун айкелин жасап бүтүрдү.

Азиз кичинесинен айкелчилик өнөргө кызыгып, эки жыл удаасы менен өрөөндүк Жаш Талант сынагында биринчиликти багынткан.

Анын айтымында бул жасаган айкели бир гана классташтарына арналат.
“Мен кичинемен баштап эле чополор менен адамдардын айкелин жасап келем. Кээде мага мугалимдер окумуштуулардын, улуу адамдардын айкелин жасаттырат. Ал эми муз менен айкел жасоону мындан эки жыл мурун үйрөнгөм. Быйылкы жасаган айкелимди бир гана классташтарыма арнаймын. Себеби алар менен 11 жыл чогуу окудум. Бул айкелди жаңы жылдык кечеде классташтарга белекке беремин”, — деди ал.

Быйыл Азиз короздун жанына кыштын белгиси болгон пингвиндин айкелин кошо жасап, 31-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына алып чыгаарын кошумчалады.
Азиздин атасы айыл тургуну Таалайбек Аманкулов баласынын бул өнөрүн колдойт. Келечекте Аманкулов баласынан чоң айкелчи чыгаарына ишенээрин айтты.

«Балам кичинесинен баштап эле чоподон бир нерселерди жасай берчү. Мурун маани берчү эмесмин. Азыр чын эле анын айкелчилик таланты бар экендигин сезип атам. Буюрса балам бул өнөрдү таштабай алып кетишине колдон келген жардамды кылабыз. Балам кой десем болбой, ушул суукта жылаңач колу менен айкелди жасады. Суук тийип калбаса экен деп коркуп атабыз”, — деп сарсана болгонун айтат жаш айкелчинин атасы.

Былтыркы жылы Азиз маймыл жылына карата Горилланын айкелин муздан жасаган. Ошонун аркасынан ал Учкун элине жаш айкелчи катары таанылып калган.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн