Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин экөөсү грипп оорусуна карата карантинге жабылды. Акыркы күндөрдө Суусамыр айылында грипп оорусуна чалдыккандардын саны көбөйүп алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары болууда. Ооруканага кайрылган бейтаптардын саны Суусамыр жана Тунук айылында көп болгондуктан, бул айылдардагы 2 мектепте окуу процесси бир жумага токтотулду.
Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айгуль Токоеванын айтымында, акыркы күндөрү 190 го жакын окуучу грипп менен жабыркап мектепке келген жок. Алар Суусамыр айылдык ооруканасына кайрылышып, каттоого туруп, дарыланып башташкан.
Айыл тургуну Самар Бөлөкбаев мектептин убактылуу жабылышы эн туура болду дейт:
“Азыр грипп оорусу абдан көп катталып жатпайбы.Менин 2 балам да грипп менен ооруп калгандыгына байланыштуу мектепке барбай жатышкан эле. Антпесе мектептен окуучулар бири -бирине да жугузуп алышмак. Ошондуктан мектептин жабылганы да жакшы болду. Балдарды ооруканага алып барып дарылатып, азыр кичине жакшы болуп калышты.”
Ал эми Суусамыр айылдык ооруканасынын дарыгери Дилдекан Кулукеева төмөндөгүлөргө токтолду:
“Азыркы учурда бизге бир күндө 30дан ашуун грипп менен ооруган адамдар кайрылып жатышат. Көбүнчөсү жаш балдар жана кары адамдар оорушат. Аларга тийиштүү дарыларды жазып берип, кеңештерибизди берип жатабыз. Бирок биздин бейтаптар жатуучу бөлмө 15 кишиге ылайыкталган жана балдарды 2-3 күн эле дарылап чыгарууга туура келип жатат. Анткени грипп менен ооруп келгендер көп болууда. Суюктукту көп ичип, күчтүү тамак жеп, иммунитетти көтөрүүгө чакырабыз,” дейт Дилдекан Кулукеева.
Мектептерде окуу процесси дүйшөмбү күнү 12-декабрда кайрадан башталат.
Даярдаган: Айзада Калканбекова, Зыйнат Самарбекова