Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Ал чогулушта окуучулардын көйгөйлөрү жөнүндө сөз болду.
Чогулушка айыл башчысы, дин өкүлдөрү да катышты. Нышанов орто мектебинин организатору Гүлмайрам Ысмаилова «Бул чогулушта окуучулардын жоопкерчилиги, тартиби, билим сапаты боюнча сөз козгодук» дейт кыскача токтоло кетти.

Аталган мектептин окуу билим башчысы Ризван Сайтматованын билдиришинче, мындан ары ата-энелердин чогулушу ар чейрек сайын уюштурулуп турмакчы.

Ал эми ата-энелер жамааты болсо мугалимдер менен кеңешип, баары бир чечимге келишти. Көпчүлүк ата-энелер чогулушту уюштурган мугалимдерге ыраазы болуп кетишти.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы
Редактор: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн