Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн Тогуз-Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Апал Базаровага «Кыргыз Респубкасынын эмгек сиңирген мугалими»деген ардактуу наам ыйгарылган.

Сыйлыкка ээ болгон мектеп директорду аталган мектептин мугалимдери, окуучулары жылуу маанайда тосуп алышты.

№1Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин мугалимдери жана окуучулары

Мектеп директору Апал Базарова
Мындан сырткары, Апал Базарованын ардактуу наам ыйгарылгандыгы тууралуу телеканалдарда көрсөтүлдү.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева