Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү, Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борбору, Тогуз-Торо райондук жаштар иштери боюнча адистери, экотехинспекция өкүлдөрү, парктын коомдук кеңешинин мүчөлөрү менен бирдикте «21-сентябрь Дүйнөлүк тазалык күнү» акциясына карата ГЭФ-ПРООНдун «Батыш Тянь-Шандагы биоартүрдүүлүктү сактоо» долбоорунун колдоосунда тазалык акциясын баштады.


Акциянын ачылышына карата №2 Асан Абдраимов мектебинин демилгеси менен мектеп окуучулары менен бирдикте линейка өтүлүп, андан соң Түндүк-Түштук альтернативалык жолдун жээктеринде ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке катышуу ыктыярчылардын веложүрүшү менен коштолду. Бүгүн биз менен бирдикте «Саймалуу Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы жана Тогуз-Торо токой чарбасынын кызматкерлери да өз аймактарында тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.


Акцияга 50дөн ашык ыктыярчылар жана кызматкерлер тартылды.


Даярдаган: Альбина Бейшеналиева