Нарын районуна караштуу А. Аралбаев атындагы орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренинг өтүлдү. Тренингге «Усупбекстан», «Учкун» жана «Куланак» жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери жана ыктыярчылары катышышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар ар бир ЖМБдун тарыхы менен таанышыша алышты. Андан соң Учкун ЖМБнун координатору Ислам Мамбетов «Медиа маалыматтык сабаттуулук» темасында ыктыярчыларга кызыктуу маалыматтарды бере алды.
Куланак ЖМБнун ыктыярчысы Даткайым Орозакунова «Гендердик сезимтал журналистикасы» боюнча презентациясын тартууласа, Усупбекстан ЖМБнун ыктыярчысы Акбермет Руслан кызы «Макала жазуунун стандарттары» тууралуу маалымат берди.
Тренингдин соңунда ыктыярчылар чай үстүндө топтордо иштешип, өз тажрыйбалары менен жаңы катарга кошулуп жаткан ыктыярчыларга бөлүшө алышты.
Андан соң Усупбекстан ЖМБнун ыктыярчылары «Көк жылгаяк» эс алуу жайында көңүл ачып, муз тээп, ойноп кетишти.
Нарын районундагы мультимедиа борборлордун «Медиа Курултайы» өттү
Эркеайым Замирбек кызы, Амир Курманбеков