Бүгүн 23-март күнү мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан берилген буйруктун негизинде спорттук оюн Акман айыл өкмөтүндөгү №5 Токтогул атындагы гимназия мектебинин спорттук залында болду.
Спорттун волейбол, теннис, шахмат түрлөрү боюнча 4 мектептин мугалимдеринен түзүлгөн курама командасы катышты. 
Бул спорттук оюнда Осмонов атындагы гимназия мектеби волейбол, шахмат, боюнча жеңүүчү деп аталды.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ