Ысык- Көл облусунун Туура-Суу 1 айылындагы футбол аянтчасы жаны үлгүдө жасалып жатат. Бул айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.

Спорт аянтчасынын курулуш иштери тууралуу билүү үчүн Туура –Суу 1 айылынын
айылдык кеңешинин депутаты Баатырбек Шыгаевге кайрылдык:
«Бул идея жалпы эле жаштардыкы, элдики десек болот. Себеби, ушул бизде кийинки
муундардын, жаштардын бош убактысын ар кандай нерселер менен өткөрбөй, спорт
менен машыгып, ден соолугун чыңдап, келечекте айылдан да атактуу футболисттер,
спортсмендер чыгат деген ой менен идея жаралды деп ойлойбуз.

Бул нерсени куруш үчүн башында жаштар демилгелеп ашар жолу менен фундаменттин
куюшкан. Айыл өкмөт тарабынан темирине жана сеткасына акча бөлгөнбүз. Жана
ошондой эле элдин дагы ашар жолу менен акча чогултулду. Акча чогултулуп жетпеген
темирлерине керектелди. Ошондой эле Кумтөр компаниясынын тарабынан каржыланган Ысык-Көл өнүктүрүү фонду бар. Бул Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан ушул «газон» деп коёбуз. Жашыл чөбү 1 миллион сомго тендерге кетти. Ушул жай менен газон салынып калат деген ойдобуз.»

Тайлаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Майрам
Бекбоева келечекте Туура-Суу 1 айылынан мыкты футболисттер чыгат деген ойдо:
«Бүгүнкү күндө заманбап балдарга сөзсүз түрдө ушундай аянтча керек деп ойлойм.
Анткени биздин Туура-Суу чакан айыл, анан балдардын келечеги үчүн келечекте мыкты футболисттер чыгыш үчүн ушундай аянтча керек.


Эми албетте, футбол аянтчасы канчадан бери курулуп, канча каражат кетип жаткандан кийин, ушул аянтчада ойноп жаткан балдарыбыз аянтчаны көздүн карегиндей сактаса, элибиз жакшы карап берсе, айлана-чөйрөсүн таза кармаса, таштандыны таштабаса албетте кийинки урпактарыбызга жакшы сакталат деп ойлойм.»
Даярдаган:Айназик Нурбек кызы, Гүлзат Шермуканбетова, Арсланбек Акунов