Жамааттык Медианын журналисти Айгерим Кубатбекова “Сөздүн күчү” долбоорунун алкагында кастык тили боюнча вебинар өттү. Ага Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аймактардагы мүчөлөрү катышышты. Максаты Кыргызстанда кастык тилин колдонууну азайтуу жана зомбулуксуз, коопсуз чөйрөнү түзүү.

Вебинар учурунда
«Сөздүн күчү» долбоору Кыргызстанда кастык тил жана жалган маалыматка каршы күрөшүп, коопсуз жана ар тараптуу өнүккөн медиа жана маалыматтык чөйрөнү түзүүгө арналган.
Бул демилге IDEA CA тарабынан Кыргызстандагы
БУУОПтун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.