Жамааттык ЖМКлар Бирлиги аймактагы кабарчылар үчүн «Кыргызмедиа Camp» жайкы лагерин уюштурду. Жайкы лагерь 5 күнгө созулуп, 2 агым менен өткөрүлүүдө.
Лагердин максаты: Жамааттык медианын кабарчыларына kyrgyzmedia.kg сайтынын стандарттары менен тааныштыруу, жаңылык жазууда текст менен иштөө, сайтка маалымат жайгаштыруунун эрежелери, социалдык медиада контентти өнүктүрүү, видео тартуу, монтаждоо боюнча билимдерин жакшыртуу.

Лагердин катышуучулары

Лагердин 1 агымына 12 кабарчы катышат

Катышуучулар сайтка жаңылык жазганды үйрөнүштү

Кабарчылар видео тартканды үйрөнүп жаткан учуру

Инстаграмда контентти өнүктүрүү боюнча билим алышты

Лагерде күн сайын ар кандай интеллектуалдык оюндар уюштурулуп жатты

Жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар ыйгарылды

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова жана кабарчы Акылай Болотбекова

kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова жана Турсун Омуралиева

Лагерге активдүү катышкан кабарчыларга атайын белектер ыйгарылды

Эскерте кетсек, жайкы лагерь DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулду.