Кыргызстанда 267 айылдын суу тутумдары 1960-жылга чейин, 595 айылда 1990-жылга чейин курулган. 390 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму алигиче жок. Ал эми айыл жергесинде калктын дээрлик 40 пайызы ичүүчү таза суу менен камсыздалган эмес. Алардын катарында алыскы Ат-Башынын Кирпич-Завод аймагы дагы бар. Сайдан суу ичкен элдин абалы менен алдыда таанышыңыздар.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы