Орок айыл аймагынын 5 айылына балдар ойноо аянтчасы курулду. Аянтчалардын салынышына эл ыраазы болууда.
Аянтчалар Жал, Кашка-Баш, төмөнкү жана жогорку Орок, Сарбан айылдарына салынды. Селкинчек, карусел, тең-салмактуу селкинчек, кум аянтачасы орнотулган.
Асель жогорку Орок айылынын тургуну-
“ Балдар аянтчасы курулгандан кийин өзгөрүүлөр болду, балдарыбыз күн жылууда эшке чыгып аянтчага келип ойношот. Бирок, өтө коркунучтуу себедби айланасында тосмо жок. Жол боюнда жайгашкандыктан унаа ары-бери коп өтөт. Балдарды карап турабыз”-деди ал.
Сакенова Гулсара Кашак-Баш айылынын тургуну-
“ Өкмөткө чоң ырахмат, оюн аянтчасын уюштуруп салып бергенине.Биздин Кашака-Баш айылынын баладарына оюн аянтчасы абдан жакты. Балдарыбыз жаман жерледе ойнобой, аянтчада ойногону жакшы болду. Айыл тургундары балдарды ойноткондон кийин тегерегинде таштандыларды таштабай тазалыкты сактоо боюнча да сүйлөшкөнбүз. Мына кызым озүң көруп турасың кичинекей балдарыбыз кубанып ойноп жатышат “-деп оюн айтты.
Сарбан айылынын тургуну Калыгулова Зарыл апа —
“балдар аянтчасы курулганы абдан жакшы болду, балдар суу кечип ойногонго караганда бул аянтча ойнот. Учурдан пайдаланып элге кайрылып кетейин: аянтчада селкинчектерди, үстүнө буттары менен чыкпай тазалыкты сакташса. Ушул аянтачаларды ар бир айылга орнотууда аракет иштерди жасаган адамдарын эмгегин акташса. Мунун баары өзүбүздүн балдарыбыз, неберелерибиз үчүн жасалды да ”–деди ал.
Тюленова Зарина Жал айылы
“Мен бул жерге апамдыкына конокко келгем. Мурда балдардын аянтчасы жок эле. Бул ирээт коноко келсек балдар үчүн жакшы болуптур. Бүгүн атайын мен да кызымды ойноткону оюн аянтчасына алып келдим. Көп балдар келип ойноп калыштыр. Айылдын балдары үчүн жакшы , менин оюмча кээ бир балдарды ата-энеси жумуштан бошобой оюн аянтчаларына алып бара алышпай. Кичинекей балдар үчүн ойногон жер болсо кандай жакшы ”-деп айтты.
Жыпаркул Кутманова- бухгалтер
“Мен Кутманова Жыпаркүл орок айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери болуп эмгектенем быйылкы биздин бюджетте беш айылга балдар оюн аянтчасына селкинчек карусель орнотууга төрт жүз миң каражат каралган. Бул 2016-жылдын ичинде 360208 сомго беш айылга ар бири беш комплектен турган балдардын аянтчасын орноттук. Сарбан, Жал, төмөнкү Орок, жогорку Орок жана Кашка-Баш айылдарынын балдарына уюштурулду. Алдыда балдар аянтчаларынын тегерегине тосмо орнотууну карап жатабыз, быйыл 2017жылы тозулат деп ойлойм.” –деди
Даярдагандар: Альбина Нурбек кызы, Асел Эркинбек кызы