Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Абай Алтынбек уулу республикалык ат оюндарынын мелдешинде “Кунан чабыш” боюнча 1-орунду алды.
Абай Алтынбек уулу 13 жашынан бери жылкыларды карап, саяпкерлик менен алектенип келет. Анын 12 жылкысы бар. Жылкылардын айрымдарын сатып алган болсо, кээ бирин өзүнүкү.

«Жылкыны кичинекей баладай суутканда көзүнө карап суутасың. Ар бир аттын мүнөзү ар башка: бир атка суутуу жагат, башка бир атка суутуу жакпайт. Мисалы: Флештин кыялы аябай жоош, бир мүнөздүү жана эрке. Жылкынын аттары Флеш, Надежда, Дуглас, Гүлдөс, Так жана башкалар. Мен өзүм жылкыларга жакын болгон үчүн саяпкерликти атаман үйрөнгөм жана ат майданда иштегем», — деди Абай.

Бул сүрөттөгү анын “Надежда” аттуу жылкысы. «Надежда» ага 28 жолу байге алып келген.
«Акыркы жолу 2016-жылы Чүйдүн 90-жылдыгына карата өткөрүлгөн ат чабышта унаа утуп алгам. 2017-жылы ”Гүлдөс” экинчи ирээт биринчи келди. “Дуглас” менен биринчи жолу ат чабышка чыгып, биринчиликти алдым, “Флеш” унаанын ээси болгон», — деп кошумчалады ал.
Абай ат чабышка 6-7 жылдан бери катышып байгелүү орундарга ээ болуп келет.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактор: Дастан Жаркымбаев