Нарын районуна караштуу Куланак айылында 19-март күнү “Айыл ажары” аттуу сулуулар сынагы өткөрүлдү. Ага 9-10-класстын окуучу кыздары катышышты.
Бул сынакты “Аракет” тобу уюштурган. Топтун мүчөсү Жаркынай Кубанычбекованын айтымында, мындай иш-чаралар былтыртан бери өткөрүлүп келүүдө.
«Биз мындай иш чараларды 2016-жылдан бери уюштуруп келебиз. Экинчи жолу өткөрүлүп жатат, мындан кийин дагы уюштуруп турабыз. Бул сынакка төрт окуучу катышышты, аябай мыкты деңгээлде даярданышыптыр», — деп билдирди Кубанычбекова.


Сынактын катышуучулары «саламдашуу, улуттук тамак-аш, мода дүйнөсү, хоббим, келечектеги менин айылым» деген программалар боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүп таймашышты.





Сынакта 10-классынын окуучусу Айзат Асанова жеңишке жетти. Ал бул сынакка экинчи жолу катышып жатканын айтып өттү.
«Бул конкурска төрт кыз катыштык. “Айыл ажары” болгонума былтыркы конкурстан тажрыйба топтоп калганым үчүн 1-орунду ала алдым. Бирок упайларыбыз тең болуп калып, акыркы мүнөттөрдө толкундануу сезимдери болду», — деди Айзат.


Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн