Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Айбек Абдымаматов Орок айыл аймагында үч жылдан бери мал доктур болуп эмгектенип келет.
Айбек Абдымаматов:
— Мен мал доктур болуп алектенгениме 3-4 жыл болду. Өзүм Орок айыл аймагындагы малдарды дарылап иштейм. Биз малдарды дарылоо үчүн Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин барып дарылап келебиз. Азыркы учурдагы оорулар: ящур, грипп, бруцеллёз оорулары күч алып жатат. Малдын ооруп калышынын белгилери: малдын чөп, жем жебей калышы, дене табынын көтөрүлүшү жана оозунан шилекейи агып калышы. Мен көбүнчө малдын оорубашын алдын ала караймын. Мал ооруп калса айыктыруга шашамын. Көбүнчө малды таза жерде кармоо зарыл.
Даярдагандар: Асел Эркинбек кызы, Марлен Базаркулов.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.