Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы маданият үйүндө, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №19 мекемесинин аскер кызматчылары кыргыз каада салтын жандандыруу максатында «Сармерден» оюнун өткөрүштү.
Аталган иш-чара жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иш башкармалыгынын начальниги и/к полковниги Нурдин Бердикожоев жана N19- мекеменин башчысы и/к полковниги А.Байсынов жана анын орун басары подполковник Р.Каадаевдердин уюштуруусунда ишке ашты. Аскер кызматчылары, «Сармерден» оюнунун жүрүшүндө келген конокторго жана кесиптештерине жагымдуу маанай тартуулаганга аракет кылышты. “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, элдик ырлар жаңырып, бийчилер бийлеп, табышмак табышып андан сырткары кыз узатуу, үйлөнүү каада-салты көрсөтүлдү. Атайын дайындалган калыстар тобунун мүчөлөрү, эркектер жана аялдар командаларынын оюнуна баа беришти.
Иш-чарада Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иш башкармалыгынын начальниги и/к полковниги Нурдин Бердикожоев:
«Биздин максат — каада-салттарды, руханий маданиятты, улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн сактап калуу» — деп сөзүн баштап, каалоо тилегин айтты.
Жыйынтыгында калыстар тобуна эки тараптын тең өнөрлөрү абдан жагып, эки команда тең жеңүүчү деп табылды.
Турсун Омуралиева