Учурда өлкө боюнча сарык илдетине чалдыкккандардын саны жылдан-жылга өсүп бара жатат. Бул илдеттин жугуу жолдору жогорку темпте болууда. Андыктан январь айынан баштап баардык аймакта В гепатитине каршы эмдөө кампаниясы башталган. Бул кампания Төлөк айылында да жүрүп жатат.
Эмдөөгө келген жарандардын саны көбөйүүдө
«Боордун оорусун алдын алууну каалаган 23 жаштан 65 жашка чейинки жарандарга эмдөө иши Төлөк айылында март айында башталган. Бул илдет айыл жергесинде көп кездешет. Анткени Төлөк мал киндиктүү, климаты татаал айыл болгондуктан жашылча-жемиш, витаминдүү азыктар дээрлик аз колдонулуп, калктын басымдуу бөлүгү эт менен азыктанат. Андыктан боордун май басып кетүү коркунучу бар. Гепатиттин В түрү бул боорду жабыркатуучу кеңири тараган коркунучтуу оору. Эгер бул илдетти убагында дарылабаса циррозго өтүп кетет. Ага каршы эң жакшы коргонуу бул эмдөө. Гепатит этти көп жегенден эле пайда боло бербейт, бул илдет бүгүнкү күндө кан аркылуу өтө көп жугуп жатат. Мисалы: тиш жулдурганда, чач тарачка барганда, каш-тырмак жасатууда да», — дейт Төлөк айылындагы №10 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун мед.айымы Гүлбара Жакебаева.
Алгач манжадан тест алынат
Бул эмдөө кампаниясында айыл тургундары төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ:
Тесттин жыйынтыгы 5мүнөт өткөн соң чыгат
Эмдөө алууда алгач мед.кызматкер манжа аркылуу кандан тест алынат. Бул тесттин жыйынтыгы 5мүнөт өткөн соң дароо аныкталат. Эгер тесттеги көрсөткүч оң көрсөткүчтү берсе анда эмдөө алынат, жок эгер көрсөткүч терс көрсөткүчтү көрсөтүп калса анда көрүнүп келүү сунушталат.
«Эмдөө башталганда алгач эле гипертониктерге, кант диабет менен ооругандарга, рак менен ооругандарга, инфекциялык оору менен жабыркагандарга, мед.кызматкерлерге бул вакцина сайылган. Андан кийин жалпы каалоочуларга эмделе баштады. Негизи эле вакцина алуу ишине элдер эми тушүнө башташты. Мурун вакцина алганда ар кандай негатив сөздөрду чыгарып, ага ишенип алгандар болгон. Ал эми азыр болсо вакцина ала тургандар өз каалоосу менен келгендер кобөйүп бара жатат. Бүгүнкү күндө айыл тургундардын эмдөө алгандардын саны 57 адам. Бул бир ай ичиндеги көрсөткүч, буюрса мындай ылдам темп менен вакцина алуу иши дагы да жогорку санды көрсөтөт деп ишенем», -дейт мед.айым Гүлбара Жакебаева.
Көрсөтүлгөн тест
Эмдөө алуу учуру
Бурул Майрамбек кызы