Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 11-класстардын ортосунда тегерек стол болуп отту. Тегерек стол кыз ала качуу темасына арналды.
Кыздардын тобу «кыз ала качуу мыйзамсыз» деп аталды.
Ал эми балдардын тобу болсо «кыз ала качуу бул салт» деп аталды.
Тегерек столдун максаты — мектеп окуучуларынын арасында катталып жаткан алып качуу маселесин көтөрүү.
Андан сырткары топтор өз чеберчиликтери менен кыз ала качуу боюнча көрүнүштөрдү сахналаштырып беришти.
Мектеп мугалими, орус тилчи Арапат Абитованын айтуусунда, кыз ала качуу мыйзамсыз.
«Анткени азыркы кезде бойго жете элек кыздарды да ала качып жатат. Бирок бул салтка да кирет, илгери ата-бабаларыбыз ала качып үйлөнүшчү эле. Бул ала качуу деген бир жолдо бара жаткан кызды эле ала качып кетсе, мына бул ала качуу болот», — деп оюн түшүндүрдү Абитова.
Авторлору: Адилет Канат уулу, Заирбек Таирбек уулу
Телефондон жазылды