Быйыл айылда мөндүр түшүп, жер-жемиштердин көбүн уруп кеткен. Тургундардын алган түшүмдөрү мол болгону менен жааган мөндүрдүн кесепетинен көбүнчө жашылча-жемиштер зыянга учураган.

Айыл тургуну Бактыгүл Асанбекова өз сөзүндө түшүмдүн мол экендиги, бирок мөндүр зыян алып келгендиги тууралуу баяндады.
“Жаанчыл болуп түшүмдөрүбүз мол болду. Бирок, мөндүрдүн урундулары көп. Ошол себептен жашылча-жемиштин баалары да арзан болууда. Бул мөндүр урган алмаларды биз сок чыгартып гана албасак, андан башка эч нерсеге, сактоого да, сатууга да жараксыз болуп калды”, — деди Асанбекова.
Даярдаган: Эсенбаев Самат
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн