Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-А классынын окуучулары жана класс жетекчиси Эльзада Иманкулова болуп биргеликте карылар күнүнө карата айылдагы карыяларга жардам беришти.
Жардамында окуучулар карылардын үйлөрүн жыйнап жана башка жумуштарын жасашты.
Аталган класс жардам берген карылардын бири Жаныбек Шакенов мындай иш-чаралар дайыма болуп турушун кааларын айтты.
«Окуучулар жардам берип, короону, үйдү тазалап, шыпырып беришти. Мындай иш-чаралар мурда болчу эмес, мындан кийин дагы болуп турушун каалайт элем», — деди Жаныбек ата.

Окуучулар карылардын үйлөрүн жыйнап, эшик алдын тазалап беришти.


Айылдын дагы бир тургуну Калиман Давлетова аталган класска ыраазычылык билдирди.

«Чоң рахмат өмүрлүү, жакшы балдардан болушсун! Мындай иш чара болгон эмес биринчи жолу болуп жатат», — дейт Калиман апа.
Иш чаранын уюштуруучусу Эльзада Иманкулова карылар күнүнө карата өткөнүн айтты.
«Менин 6-А классым болуп карылардын үйүнө барып, жардам берип, короо жайын, үйүн тазалап бердик. Мындан кийин дагы уюштуруп турабыз», — дейт Эльзада эже.


Автор: Дилде Шатан кызы
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн