2153 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын көрсөткүчү азыркы саатка караганда 17,5 пайызды түзөт. Баары мыйзам чегинде өтүп жатат.
Аким Бакыт Козуевдин айтымында:
«Мен Козуев Бакыт Садыкович Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысымын. Бүгүн баарыбызга белгилуу болгондой эле Кыргыз Республикасынын президенти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жүрүп жатат. Биздин районунбузда да башка райондордой эле шайлоого даярдоо, шайлоону өткөрүү, шайлоо коммисияларына шарттарды түзүү үстүндө бир топ иш чараларды өткөрдүк.
Мына азыр бүгүнкү күндө Кызыл-Үнкүрдөгү 2 участканы, Талды-Булак, Могол, Арстанбап айыл аймактарындагы шарты оор, тоо зонасындагы айык аймактарды кыдырып келе жатабыз. Шайлоочулардын маанайы жакшы. Шайлоочулардын келүүсү бизде бир аз ойлондуруп турат, анткени эрте менен суук болду, азыркы саатка алганда жалпы районубузда 93 840 шайлоочудан азыркы мезгилге 12:00 го 7 пайызы келди, бул деген аз, бирок түштон өтүп шайлоочулардын саны жанданып атканын байкап жатабыз.
Бардык шайлоо участкаларында ковид-19 илдетин алдын алуу чаралары көрүлгөн. Кире беришинде баардык антисептик, бет каптар менен турушат. Келип жаткан шайлоочулардын ден-соолук коопсуздугуна көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Ошол багытта баарын текшердик. Шайлоого даярдыктарды жакшы караганбыз, уюшкандыкта өткөргөнгө аракет кылабыз».
Ооган-Талаа айылынын тургуну, шайлоочу Мейманова Махпуба:
» Кыргызстан оңолсун деген жакшы маанай менен келдим. Шайлоо эң сонун болуп жатат, элдин ою жакшы, менин да оюмдагы талапкерди шайладым. Баардык шарттар түзүлуптүр. Вируска каршы баары өзүн этияттап атышат. Элибиз тынч болсун, жамандык болбосун тынч болсун».
Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Бактыгул Алыбаева төмөндөгүлөргө токтолду:
«Азыркы саатка карата Могол айыл аймагы боюнча жалпы 8668 шайлоочунун ичинен 1518 катышты, ал деген шайлоочулардын саны аябай аз дегенди билдирет.
Бизде азыр аппараттар бузулган жок күн жылыды, күн жылыганда аппараттар да жылып азыркы учурда баары жакшы, Чарбак айылынын участкасында кичине тоскоолдуктар болду эрте менен, ал жердин залы чоң болгондугуна байланыштуу жакшы жылыбай жатат.
Негизинен башка шайлоолордун өтүп келгендерин эсепке алсак бизде 100% эч качан болбойт, эң көп бул 65% болот, биз шайлоочуларды келгиле деп милдеттей албайбыз. Бул ар бир адамдын жараандык милдети болуп эсептелинет. Ар бир эрезеге жеткен жаран жоопкерчилигин сезиш керек. Ал эми жалпы башка шайлоолор болгон маалда да эң көп катышуу пайызы 64% болот андан ашык болбойт, анын ичинен башка мамлекетке кеткендер бар, ал жактан шайласа болот, бирок саны бизден чыга берет, ошого байланыштуу шайлоочулардын саны толук болбойт. Азыркы саатка карата 17,5%».
Таалайбек Тургунбев-байкоочу:
«Мен Турганбеков Таалайбек Базар-Коргон районунун тех базанын начальниги болом. Шайлоо буйруса жакшы өтүп жатат 20-30% болуп калды. Шарттар буйруса жакшы, баары кезеги менен антисептик, бет кап, кол каптар менен кирип жатышат. Түшүнбөстүктөр болгон жок. Элдердин маанайы да жакшы. Баарыбыз эле үмүтүбүз Кыргызстандын жакшы келечеги».
Биринчи жолу шайлоого келген жаштар Фарух жана Илхам.
«Мен Фархатбек уулу Элдияр 2003 жылкы болом, биринчи жолу шайлоого келип жатам, баары эле мыйзам чегинде болуп жатат, баарыбыздын маанайыбыз жакшы. Эч кандай үгүттөө болгон жок баары тынч эле».
«Мен Кочкоров Илхам бул шайлоого биринчи жолу келдим, биринчи келген башкача болот экен, биринчи катышканымдан кичине коркуу сезимдери бар, эч кандай үгүттөөлөр болгон жок, мен кыргыз элине Кыргызстанга татыктуу адамды шайладым».
Аймээрим Саитжанова, Асема Тяншан кызы