Педагогдордун кышкы усулдук күнүн өткөрүү үчүн Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө 2021-жылдын 5-январы күнү райондук усулдук бирикме жетекчилерине тегерек стол өткөрүлдү.
2021-жылдын 6-январы күнү кырдаалга байланыштуу онлайн формасында кышкы секциялык усулдук күнү өткөрүлдү. Замандан артта калышпаган педагогдор телефон жана ноутбуктан Zoom жана Google meet программалары,Whats app аркылуу шилтемелерди алып вебинарларга катышышты.
«Дистанттык окутуудагы ийгиликтер жана көйгөйлөр»,»ЖРТга даярдоо ыкмалары»,»Олимпиадаларга даярдоо»,»Эң жакшы сабактын критерийлери»,»Жаңы стандарттын талаптары»,»Видеосабактар»деген жана башка талкуулануучу темалар боюнча семинарды өткөрүштү.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчулары жана адистери шилтеме менен кирип тайпаларда маалымат бөлүшүп,талкууларга катышышты.
29 усулдук секциялык бирикме январь усулдук күнүн өткөрүп,жалпы 1324 педагог катышты.
Эмгеги бийик мугалимдер жана тарбиячылар ар дайым ийгилик коштоп бар болуңуздар!!!
Айдай Жапарова