10-январдагы өтө турган шайлоодо бир катар талаптар бар. Алар мурунку шайлоодон айырмаланып «Форма 2» алып салынгандыгы. Суусамыр айылындагы 7346 шайлоо участогундагы шайлоого даярдык тууралуу комиссиясынын төрагасы Калыбек Таштанбаев раидонун туз эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калыбек Таштанбаев-7346 Шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын төрагасы
-Саламатсызбы, студияга кош келдиниз!
-Саламатчылык, рахмат.
-Айтсаңыз эртенки боло турган шайлоого даярдыктар кандай болуп жатат?
-Шайлоого даярдыктар жакшы, бүгүн бардык аппараттарды иштетип, туташтырып, интернет байланышын текшерип даярданып жатабыз. Көчмө урналар иштеп жатат, бүгүн атайын комиссия шайлоо участкасына келе албагандардын арызынын негизинде үйлөрүнө барып, добуш бердирип жатышат.
-Азыркы шайлоонун өзгөчөлүгү эмнеде?
-Бул шайлоодо ар бир шайлоочуга 2 ден бюллетень берилет. Бирөө президентти шайлоо үчүнг, экинчиси мамлекеттик башкарууну тандоого.
-Быйыл шайлоо комиссиясынын курамы өзгөрдүбү?
-Жок, мурунку комиссиянын курамы эле иштеп жатат.
7346 Шайлоо участкасындагы даярдыктар
-Жалпы участкада канча шайлоочу бар?
-2057 шайлоочу бар.
-Таза шайлоо өткөрүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
-Эч кандай талаш-тартыш болгон жок, бардык добуштар аппаратта саналат жана кол менен да саналат. Ачык- айкындуулук сөзсүз болушу шарт.
-Үгүт иштери айылда кандай жүрдү? Мыйзам бузуулар болгон жокпу?
-Айылда үгүт иштери жүргөндүгүн байкай алган жокмун. Бир талапкерге шайлагыла деп үгүт кылган адам деле болгон жок окшойт. Абдан тынч болду. Эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок.
-Шайлоо участкасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча кандай иштер алып барылат?
-Эртен саат сайын дезинфекция жүргүзүлүп, 2 медайым ооруканадан келип көзөмөл жүргүзөт. Беткапсыз шайлоочулар киргизилбей, бирок сыртта беткабы жокторго беткап берилип турат. Аралыкты сактоо маанилүү, 1-1,5 метр аралыкты сакташ керек. Комиссия мүчөлөрү дагы толук сактануучу каражаттар менен камсыз болушкан.
Андан тышкары, ар бир шайлоочуга кайрылып кетет элем, эртен шайлоого келип, активдүү катышып бериңиздер!
-Маегиңизге рахмат!
Азиза Тамчиева