4-октябрда өтө турган ЖК депутаттарын шайлоого республикалык бюджеттен 447 миллион сом бекитилген. План боюнча шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом суммасындагы чыгымдар пландалган. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө карата чыгымдардын сметасын түзүп, бекиткен.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого даярдануу жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Ал эми шайлоо алдындагы партиялардын үгүт иштери саясий партиялар тарабынан түзүлгөн шайлоо фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
«Дээрлик 447 млн сом шайлоону өткөрүү жана уюштурууга каралган. Бул каражаттын эң көп бөлүгү айлык акы катары коротулат. Тактап айтканда, ал жогорудагы сумманын 219 млн сомун түзөт. Буга аймактык шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин айлык акысы дагы кирет. Алар чындыгында 1500 сомдон – 2500 сомго чейинки бир айлык акысын алышат. Аймактык шайлоо комиссиясында 10-12 кызматкер кээде гана чогулбаса, алар кезек – кезеги менен нөөмөткө чыгышат», — деп билдирди БШКнын мүчөсү Гульнара Журабаева.
Өлкө боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын жалпы саны – 54 болсо, анда эмгектенгендердин саны- 650 адам. Ал эми участкалык шайлоо комиссияларынын саны – 2464, эмгектенгендердин саны -30833 адамды түзөт. Мындан тышкары, чет өлкөдө жайгашкан 44 участкалык шайлоо комиссиялары бар. Шайлоонун жүрүшүндө өлкө боюнча 4680 ички иштер министрлигин кызматкерлери да көзөмөл кылышат.
Смета боюнча шайлоону өткөрүүгө 732 млн сом пландалган. Бирок, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу алар бир топ кыскарды дейт БШКнын мүчөсү Гульнара Журабаева.
«Пандемияга байланыштуу көп каражаттар кыскартылды. Себеби, биринчиден шайлоо комиссияларынын дээрлик 30 000 ашык мүчөлөрүн окуудан өткөрүү керек болчу. Мурда алардын окууга келип кетүүсү үчүн жол кире, тамак-аш чыгымдар кетсе, бул жолу алар онлайн окушту. Албетте, мунун жыйынтыгы менен чыгашалар кыскарды».
Ал эми серепчи Канышай Мамытова шайлоо пандемия шартында өтүп жаткандыктан, коргонуучу каражаттарга кошумча чыгымдар каралганын баса белгиледи.
«Пандемияга байланыштуу шайлоону өткөрүүгө пландалган каражат кыскартылды. Бирок, ошол эле учурда шайлоо комиссияларына кошумча чыгымдар болуп жатат. Себеби, пандемия учурунда жеке коргонуучу каражаттар сөзсүз керек болот. 4-октябрь шайлоо күнү, шайлоо участогуна беткап жана колкапсыз келген шайлоочулар болсо, аларга бул коргонуучу каражаттарды акысыз берүү керек. Мындан тышкары, учурда шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Аларга дагы жеке коргонуучу каражаттар берилип жатат».
Эл өкүлдөрүн тандоого элдин аракети
Элеттик айымдардын шайлоого катышуусундагы даярдыктар жана тоскоолдуктар
Касиет Кубанычбек кызы