Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5429 Кызыл-Булак шайлоо тилкесинде айыл тургундары шайлоого активдүү катышууда. Шайлоо эрте менен саат 8:00 дө КР нын гимни менен коштолуп, аксакалдардын , байкоочулардын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте башталды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн № 5429 Кызыл-Булак шайлоо участкасынын аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы Кушбактын Исмайиловдун айтымында:
«Шайлоо үчүн бардык шарттар каралып, 7:45 те даяр болду. 8:00 дө КР нын Гимни менен коштолуп, аксакалдардын, байкоочулардын, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте башталды. Шайлоого шайлоочулар активдүү катышууда. Айыл тургундарынын коопсуздугу эске алынып, аралыкты сактоо эрежелери үчүн 1,5 метрден сызыктар сызылып, мед кызматкерлери жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тыкыр көзөмөлдөп жатышат.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коомдук активисттерден шайланып, алар да атайын коргоочу кийимдер менен камсыздалып, шайлоочуларды тейлеп жатышат. Шайлоонун жүрүшүн партиялардын байкоочулары жана көз карандысыз байкоочулар көзөмөлдөп жатышат. Учурда шайлоочулар активдүү келип добуш берип жатышат. Абал туруктуу»,- деп билдирди.
Ош ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт биринчи ротасынын командир ротасы милициянын капитаны Алтынбек Маккамов айтуусу боюнча кырдаал туруктуу:
«Бүгүнкү шайлоо боюнча айта кетсем, Ноокат районунун Кулатов айылына 3 ички иштер кызматкерлери шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн бөлүнгөнбүз. №5429 Кызыл-Булак шайлоо участкасында кызмат өтөп жатабыз. Шайлоо жакшы жүрүп жатат. Элдин катышуусу жакшы. Тартип бузуу фактылары катталган жок. Кырдаал туруктуу. Шайлоочулардын аралыкты сактоосун көзөмөлдөп жатабыз».
Кызыл-Булак айылынын тургуну Суита Мадалиева биринчи жолу шайлоого катышып жатат. Ал бүгүн толкунданганын айтты:
«Мен август айында 18 жашка толдум. Биринчи ирет шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алдым. Шайлоого барып добуш берүүдө мен аябай толкундандым. Бирок шайлоо участкасында элдин маанайын көрүп сүйүндүм. Себеби шайлоого эл өтө активдүү катышып жатыптыр. Айыл тургундары кайдыгер калбай өз мекенинин келечеги үчүн добуш берип жатышты. Мен да мен сыяктуу жаштарга кайрылар элем. Кыргызстандын келечеги кең болсун десек, шайлоолорго активдүү катышып, өз добушубузду берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын татыктуусун тандообуз керек,- деп билдирди.
Таңнуру Жалалова