

Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (январь 2015 — июнь 2016) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Үчүнчү сынакты төмөнкү төрт айылдын тренерлери өткөрүшкөн. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2016-жылдын 4-июлунда чыгарылган.
1. Андарак
Андарак: Мектептер аралык мугалимдердин спорттук оюнунда Манас орто мектеби жеңишке жетти
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Кара-Суу
Кара-Суунун саяпкери ат чабышта төө утуп алды
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Терек-Суу
Терек-Суу айылынын жаш чемпиондору
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Учкун
Видео: Айыл тургуну сандыктарды DVD-дисктер менен кооздоодо
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.