Куу-Майдан айылынын окуучулары жайкы каникулду ар жактарда өткөрүп жатышат. Айылда калган окуучулар болсо көбүнчөсү бассейнде убакыт өткөрүүдө.
Жылдагыга салыштырмалуу быйыл жайкы каникул жакшы өтүүдө дешет балдар. Анткени мурун бассейн жок болгонуна байланыштуу зээригип калышат эле, азыр балдардын маанайы ачык.
Айыл тургуну Мырзаш кызы Нурзаданын айтымында, балдар үчүн бассейндин курулганы бир жагынан жакшы болду, анткени ысыкта ойногону да чыга албай үйдө эле жатып калышчу.
Окуучу Кубанычбек кызы Нурида жайкы каникул жылдагыдай эле өтүп жатат, бирок эч кандай нааразычылык деле жок дейт. «Мен жайкы каникулду жылда айылда эле өткөрөм», — деди Нурида.
Даяардаган: Нурдун кызы Гүлнура
Сынак үчүн
ХК