Залкар Өмүркулов Баетов айылынын тургуну, таланттуу жана профессионал сүрөтчү.

Чейрек кылымдан бери Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде балдарга сүрөт сабагынан берет. Сүрөтчунүн кыл калемине таандык сүрөттөр өзүнчө галареяны түзөт.
Айтканына караганда бала кезден сүрөтчү болууну кыялданчу. Кээде көрүп, кээде ойлонуп тарта берет.
Бирок кандай сүрөт тартпасын боёк тандоодо кылдат мамиле кылат. Анткени ал көп нерсени чечип коёт. Буйрутма боюнча портрет да тартат. Тарткан картиналарын сатыкка койсо, айрымдарын белекке берет. Ал эми баасы шаардыкына салыштырмалуу кыйла эле арзан.
Каарманыбыз “Жылкы баласын тартканды жакшы көрөм, тажабайм. Канча ирет тартканым да эсимде жок. Ушу жаныбарды тартып жатканда өзүнчө бир эргүү келет. Балам, кызым да сүрөттү жакшы тартышат” дейт.
Айылдык сүрөтчү эмгектеринде боёктун бардык түрүн колдонот. Тартуу үчүн керектүү материалды шаардан буйрутма менен алдыртат. Мектепте өзү окуткан балдар ар кандай сүрөт сынактарда алдыңкы, байгелүү орундарды камсыз кылып келатканын сыймык менен белгиледи.
Даярдаган: Г. Мамытбекова