Бир канча жылдан бери кароосуз калып, мал жандыктардын оттоочу жайына айланган бул бассейн кайрадан пайдаланууга берилди.
Жаштардын күчү жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен айланасы тосулуп, тал-теректин көчөттөрү отургузулду. Жакында аталган эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы болуп, ага айыл жаштары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева катышты.
Тасма кесүү расмисинен кийин келген меймандар куттуктоо сөз сүйлөштү.
Ак-Талаа районунун акими С.Черикбаев “бассейн жаштардын ден соолугун, алардын ынтымагын чындай турган мыкты эс алууучу жайга айланат деп ишенем. Азыр да оңой эмес иш жасалды. Буюрса бассейндин бир бөлүгүн кышкысын муз тебүүчү аянт кылалы деп максат коюдабыз. Ал эми суусун таза сууга алмаштырабыз. Бул боюнча маселе чечилген» деп белгиледи.
Ал эми Ж.Ибраева «Биз азыр эле Сары-Жыгач жайлоосунда жакшы саамалыкка күбө болуп келдик. Бул бассейнди ачуу да колдоого аларлык иш. Биз силердин жаштар жасап иштерди башкаларга үлгү кылабыз. Бул жай айыл тургундары үчүн эс алууга ыңгайлуу жер болот деп ишенем» дейт.
“Финка” микрокредиттик компаниясынын өкүлү Ф.Джумабеков аталган компания жаштардын демилгелерин колдоп келгендигин айтып, сууда сүзүүгө керектүү желим бумдарды тапшырды. Ачылыш аземинен соң жаштар арасында сууда сүзүү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди.
Жаштар комитетинин төрагасы Токторбек уулу Тимурдун айтымында, сууга түшүү үчүн 20 сом өлчөмүндө бир саатка акы төлөнөт.
Даярдаган: Г. Мамытбекова