Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2» жана 2016-жылы уюштурган «Кыш-1» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Төртүнчү сынакта төмөнкү айылдардан келип түшкөн жаңылыктардын авторлору жеңүүчү болуп табылды. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2016-жылдын 5-сентябрда чыгарылган.
1. Куланак
Куланакта кыян түшкөн көпүрөлөр оңдолууда
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Куу-Майдан
Куу-Майдан айылына төрт бөлмөлүү мектеп курулууда
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Ооган-Талаа
Чкалов айылында сел жүрүп көпүрө экиге бөлүнүп калды
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Тасма
Ташчайнар Тасма айылына талантын тартуулады
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.