Учкун айылында 15-августан бери өтүп жаткан 15 үй кожейкелеринин сабагы бүгүн аяктады. Сабак айылдагы апалардын турмушун оңдоо максатында өтүлгөн.
Айылдагы окуу атайын долбоор менен ишке ашырылды. Аталган долбоордун негиздөөчүсү Бурул Алышова өз сөзүндө мындайча баяндады:
— Нарын өнүктүрүү жана окууту борбору 2003-жылдан бери кыска мөөнөттөгү курстарды өтүп келебиз. Биз миграция комитети менен иштешебиз, немец «Дививи» жана «Жэайзет» кызматташтыгы менен иштешебиз. Биздин өтүп жаткан курсубуз «Жэайзет» программасынын негизинде болду. Айылдагы 15 аялды үйгө иштебей отурган аялдардын турмушун оңдоо деген программа 11-августан бери өтүп жатат.

Өтүлүп жаткан сабактарды окуп бүткөндөн кийин алар жамаат болуп иштеп кетсе болоорун катышуучу Эльмира Болотбекова мындайча баяндады.
— Мага бул сабак абдан жакты, бизге сүттөн эле сыр, балмуздак, айран, йогурт, курут жасаганды үйрөтүп жатышат. Биз буларды үйрөнгөндөн кийин өзүбүз жасап сатсак да өзүбүзгө пайда экен.

Сынак үчүн
Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы