Нарын районуна каршатуу Учкун айылында арпа күшөөчү станок ойлоп табылды. Бул станок жумушту жеңилдетүү максатында ойлоп табылган.

Аталган станокту ойлоп тапкан уста Субан Оморов мындай дейт:
— Бул станокту сиркулярканын негизинде эле жасагам. Негизи өзүм майда-чүйдө карагайларды тилсемби деп ойлонуп жүргөм. Бул оюм ишке ашты. Эл бирин-серин келип каргайларын тилдирип кетишет. Арпа күшөгүштү өзум эле ойлоп тапкам. Өзүбүзгө эле керек болгондуктан эле жасагам. Эми колго күшөгөнгө караганда бир топ эле жеңилдик болот экен.

Станокко эл келип арпасын күшөтүп алып жатышат. Айыл тургуну Айгерим Бекболсун кызы колго кушөгөндөн караганда ал ылдам болот экен дейт.
“Биз эки чака арпа болчу, 15-20 мүнөттө эле күшөп берди. Анан айырмачылыгы ток менен иштегендиктен тазалап жаткандыгынанан талкандын кебеги аз болот экен. Чакасын 10 сомдон салдыртат экен ошондо 2 чаканы 20 сомго салдырттык”, — дейт Айгерим.
Сынак үчүн
Даярдаган: Бекмырза Бекмурат уулу.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.