“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахматжан Абдурахманов мэриянын, айыл округунун жана райадминистрациянын кызматкери Замир Жарматовго жана келген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип өттү.
Фуркатбек Адилбек уулу Кыргыз Республикасынын КМДБнын түштүк аймактык бөлүмүн башчысы мындай деди:
— Мен бүгүн Кыргызстандагы диний уюмдар жана салтуу ислам боюнча сөз кылдым. Анткени биздин дин Орто Азияга тынчтык үчүн тараган. 710-712-жылдары Бухара хандыгы ислам динин кабыл алган сүйлөшүү жолу менен. Биз дин чөйрөсүндөгү кызматкерлер адамдарга дин жөнүндө туура түшүнүктү калыптандыруу негизги максаттарыбыздын бири болууда.
Адилбек уулу кошумчалагандай, айылдардагы жана шаарлардагы мечиттердин санын өсүп, мамлекет тарабынан мечиттердин кыскартууга мыйзам жок.
Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары дин кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолор менен кайрылып, берилген суроолорго жоопторду алышты.
Аталган жыйында “Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу”, “Кыргыз республикасынын билим берүү системасында динге байланышкан маселердин чечилүүсү” деген аталыштагы маселелер каралды.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор
Сынак үчүн
КМ