Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.

№5 «Кызгалдак» балдар бакчасынын аткаруучу директору Назгүл Асранкулова жылуулук системасын киргизгенге долбоордун негизинде акча бөлүнгөндүгүн жана жакынкы арада бул долбоор ишке ашарын айтат.

— Жакынкы арада маселени чечебиз деп ойлойбуз. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Дженалиевдин жетекчилиги астында 2016-2017-окуу жылына карата «Арис» программасынын негизинде долбоор ишке ашырылган. Жакынкы арада бул иш жүзүндө аткарылат деп ойлойбуз. Жылуулук системасын коюу үчүн акча бөлүнгөн. Долбоордун суммасы 1 миллион 407 миң сомду түзөт.
Мектеп мугалими Дамира Коңурбаева кышкысын баласын караганга эч ким жок болгондугун айтат.
— Менин балам кышыкысын бала бакчага барбайт. Себеби кышында биздин айылда бала бакча иштебейт. Мен өзү мектепте иштейм, кышында баламды караганга эч ким жок болуп калат. Эгерде бала бакчага биздин колдон келе турган жардам керек болсо, жардам бергенге даярмын.


Даярдаган: Айка Жамырканова
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн