Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаан-чачындан улам беде уругу жакшы алынбай калды. Бул туурасында айыл тургундары билдиришти.
— Мен Жаныбек Ибраимов. Быйыл урук начар болуп калды. Жаан-чачын түшүмгө аябай кесепетин тийгизип койду. Беделерин алдынан көк чыгып, урукту бышырбай начар болуп калды.
Айылдагы урукка таштаган кишилер кайта беде кылып чаап сатканга мажбур болушту. Азыр урук беденин баасы 110-120 сом болуп жатат. 
Айыл тургуну Тынчтык Ашырбек уулу:
— Азыр жаан-чачынга байланышттуу беденин арасында курттар көбөйүп кетиптир. Алар сууга көбөйүп жатат деп ойлойм. Түшүмдү көрөбүз буйруса.
Даярдагандар: Гүлзада Бейшенбекова, Азирет Туратбеков.