Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пластик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге текчелери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.
Мектеп директору Алик Мамытов терезелердин жана эшиктердин сапаты койгон талапка ылайык экендигин билдирди.
“Бардыгы болуп 2 292 131 сомду түздү. Жалпы 414 метр квадрат жердин эшик терезеси алмашылыптыр. Бул окуучуларга жакшы болду. Кышында жылуулукту жакшы кармайт. Сапаттуу жана абдан бышык экен. Долбоордо көрсөтүлгөндөй баардыгы тең алмашылды”, – деп айтты мектеп мүдүрү.
Мугалим Эсенкан Токталиев муну менен бирге дагы чечиле элек көйгөйлөр көп экендигин жана алардын дагы аткарылуусун калаганын айтты.
“Мектепке пластик терезелер коюлганы абдан жакшы болду. Кышында окуучулар тыш кийимдери сабакта олтурчу терезеден суук кирип. Жылчыктарга кебез тыгып убара болуп, сырдап убара болушчу эми окучуларга өтө жакшы болду” – деп билдирди Эсенкан Токталиев.
Пласстик терезе алмаштырган жумушчу Кубанычбек Жусупбеков терезелердин Орусияда жогорку сапатта жасалып келгенин айтты.
“Терезелер жогорку деңгээлде жасалган жылуулук сыртка өтпөйт, шамал кирбейт, Орусияда жасалып келген жакшы терезелер. Көпчүлүк бизден алат”, – деп билдирди Жусупбеков.
Даярдаган: Чынтурсун Турдуматов, Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн
НС