Финансистер каржылык жактан билими бар адамдын үйүндө ар дайым акча болорун эскертишет. Демек каржылык сабаттуулук биздин жашоодо чоң ролду ойнойт. Мисалы: жеке акча каражаттарын сактоо жана туура пайдалануу, билим алуу үчүн акча топтоо.
Адам ийгилиги үчүн социалдык байланыштар кана керек деп узак убакыттан бери эсептелип келген.Бирок ийгилик үчүн экономикалык байланыштар дагы керек экени талашсыз. Ушундан улам каржы тууралуу көндүмдөр жана билим адамга бала чагында эле бериле башташ керек. Айыл тургундарынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу эң манилүү. Бул боюнча Барскоон айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо кызматкери Венера Өмүрбекова каржылык сабаттуулукту акчаны туура пайдалануу деп түшүнөт:
« Менин оюмча каржылык сабаттуулук акчаны туура пайдалануу болуш керек. Себеби баардык нерсе барып-барып акчага такалат эмеспи. Ал эми карапайым калкынын түшүнүгү деле жок. Күнүмдүк жашоого, аш-тойго көбүрөөк колдонушат. Жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосуна бул абдан керек деп эсептейм. Анткени айылда ишкер адамдар көп. Алар акчаны туура колдонуу менен башка адамдарды да иш менен камсыздап, акчаны туура бөлүштүрө алышат да. Менимче мектепте окуган окуучуларга башынан каржылык сабаттуулук жөнүндө үйрөтсө туура болот деп ойлойм. Бала калыптанып жаткан кезде, мындай нерселерди бат кабыл алат. Мен күнүмдүк жашоомдо колдонгонго аракет кылам. Жеке акчамды туура бөлүштүрүү бул каржылык сабаттуулукка кирет деп ойлойм».
Мындан тышкары каржылык жана экономикалык жактан сабаттуу адам калк автоматтык түрдө өз укуктарын билип,юридикалык жактан сабаттуу болуп башка адамдарга да өз пайдасын тийгизе алышат. Акчасы бар,каржылык эркиндикти сезген адам өзүн өзү коргой алат,өз укуктарына кызыгат жана өз коопсуздугуна кам көрөт. Барскоон айылынын киреше боюнча адиси Бекболот Муканбет уулу каржылык сабаттуулук айылдыктарга эң керек деген ойдо:
Азыр 21-кылым болгондуктан маркетинг өнүгүп жаткан учуру.Ошол биз айтып аткан каржылык сабаттуулуктуу колдонуу менен өлкөбүздүн экономикасын алдыга сүйрөп чыгууга мүмкүнчүлүк жаралат.Бул илим биздин жашоодо эбегейсиз чоң рольду ойнойт. Азыркы учурда каржылык сабаттуулукту көпчүлүк билбейт.Шаар калкы билбегендиктен,айыл калкы тем более дилбейт. Эгер калкыбыздын көпчүлүгү бул нерсени билгенде башкаларга өз пайдасын тийгизмек.
Өз саламаттыгына кам көргөн жанап мүлкүнө кам көргөн,каржы жагынан эркин адамдар Кыргызстанга жетишпей турат.Алардын жоктугу же аздыгы критикалык пикирдин жетишсиздиги коррупцияга кулач жайып, кылмыштуулуктун жогорку деңгээлине,калктын бийликке карата ишенбөөчүлүгүнө алып келет. Деги эле айыл калкы каржылык сабаттуулуктуу билеби? Аны колдонуу менен эмнеге жете алышат? Дал ушундай суроолорго жооп берген айыл тургунунун Азиза Усувалиева жооп алдык:
«Жергиликтүү тургундардын каржылык сабаттуулугун атайын тренингдерди,түшүндүрү иштерин жүргүзүү менен жогорулатууга болот. Каржылык сабаттуулукту көпчүлүк эл колдонбойт.Бирок бизнес ачып,ишкерлик кылган адамдар бул тууралуу түшүнүгү бар.Ошол үчүн бизнестерин алдыга алып чыгып жатат болуш керек. Финансылык сабаттуулукта менимче акчаны туура пайдалануу,үй-бүлөдөн тышкаркы жеке чыгымды азайтуу,эмгек акыны кантип бөлүштүрүнү пландоо жана башкалар болсо керек. Мисалы:каржылык сабаттуулуктуу билбеген адам жашоосунда көп жоготууларга учурашы мүмкүн деп эсептейм.Себеби мындан түшүнүгү жок адам сатып алуу же сатуучулук жөндөмү өнүкпөй калат.Каржылык жактан башкаларга көз каранды болуп калышы мүмкүн».
Сиздер бүгүнкү чыгарылышта айыл жериндеги каржылык сабаттуулуктун өнүгүшү тууралуу уктуңуздар. Сюжетти даярдаган Гүлкайыр Осмоналиева жана Эрлан Абласов.
Саламатта туруңуздар.