Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Бешинчи сынакта төмөнкү айылдардан келип түшкөн жаңылыктардын авторлору жеңүүчү деп табылды. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2017-жылдын 1-апрелинде чыгарылган.
Андарак (Жай-2)
Cумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат
Фейсбукта жана одноклассникиде
Тасма (Жай-1)
Чоң-Тогузбайда кыздар арасындагы аймактык волейбол оюну болуп өттү
Фейсбукта жана одноклассникиде
Куу-Майдан (Жаз-1)
Куу-Майданда балдар арасында зоналык волейбол оюну болду
Фейсбукта жана одноклассникиде
Баетов (Кыш)
Кыштын суугуна карабай кыз-келиндер арасында мелдеш өттү
Фейсбукта жана одноклассникиде
Токтоян (Кыш)
Токтоян: 20 жылдыктар мектепке кол жуугучтарды алып берди
Фейсбукта жана одноклассникиде
Токтоян (Жай-1)
Пайдалуу кеңештер: Кургак чайдын пайдалары
Фейсбукта жана одноклассникиде
Куланак (Жай-2)
Көөнөрбөс талант — Чынара Абдырасулова
Фейсбукта жана одноклассникиде
Ооган-Талаа (Жаз-2)
Ооган-Талаа: 40 жылга жакын убакыттан бери мектепте иштеген Көчкөнбек Раманов
Фейсбукта жана одноклассникиде
Ооган-Талаа (Жай-2)
Сүрөт: Ооган-Талаада окуучулардын жана ата-энелеринин катышуусу менен спорттук оюндар өттү
Фейсбукта жана одноклассникиде
Кара-Суу (Жай-2)
Кара-Суу: Жылдыз көчөсүнүн тургундары эми таза суу ичишет
Фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.