Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата кыз-келиндер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Ага жалпы жети команда катышты.
Оюнду Ак-Талаа райондук оорукананын ден-соолук кабинети спорт комитети менен бирге уюштурду. Айрым командалар алдын ала берилген жобого ылыйык даярдык менен келишкен жана эки айлампадан турган оюнда мыкты оюн көрсөтүштү.


1-орунду Ак-Талаа районунун аялдар кеңешинен түзүлгөн команда камсыз кылса, 2-орунду Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы ээ болду. Ал эми 3- орунга Э.Карасртов орто мектебинин мугалимдери чыкты.



Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө жана командалардын айрым мүчөлөрүнө грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.


Ден-соолук кабинентинин башчысы Эркингул Акматалиева:
— Убактыңыздард бөлүп, оюнга келип бергениңиздер үчүн ыраазычылк билдирем. Бүгүн абдан жакшы оюн болду деп ойлойм. Буюрса мындай спорттук мелдештерди дагы өткөрүү планыбызда бар. 31-майда веложарыш уюштурабыз. Ал эми жеңүүчүлөрдү куттуктайм жана баарыңыздарга ден-соолук каалайм.
Даярдаган: Эльвира Кубанычбекова