Шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин IV кубогу 18-23-мартта болуп өттү. Ага Сокулук районунун Жал айылынан жаш шахматчы Азирет Абдылдаев катышып, президенттин диплому менен сыйланды.
Азирет Жал айылында 7-класста окуйт, шахмат менен алектенгенине үч жыл болду. Шахмат боюнча балдар жана уландар арасындагы президенттин IV кубогуна өлкөнүн бардык аймактарынан жаш шахматчылар катышты.

Кубоктун жабылыш аземинде дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов катышкан.



Кыргыз Республикасынын президентин IV кубогунун сыйлыгын алган Азирет буларга токтолду:
— Мен шахматка 1-класстан бери катышып келе жатам. Олимпиадага шахмат боюнча болжолу менен ондон ашык жолу баргам. Азыр үйдө грамота жана медалдарым бар. Аларды шахматтык мелдештерде жеңүүчү болуп алгам. Менин ийгиликтериме Эрмат агайымдын жардамы чоң. 25-мартта президентин IV кубогуна катыштым. Шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карповду көрдүм. Эрмат агайыма мени шахматка үйрөткөнүнө чоң рахматымды билдирем.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы
Редактор: Ууржан Молдокулов