Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын Көсө-Терек участогуна жаңы мектеп курулуп жатат.
Кызыл-Үңкүр айылы чоң болгондуктан быйыл дагы бир мектеп түшүүдө. Азыр айылда үч кабаттуу мектеп иштейт жана ал айылдын борбордук бөлүгүндө жайгашкан.
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөт башчысы Оморбек Жолдошовдун айтымында, айыл абдан чоң болгондуктан окуучулар алыстан келип кыйналып жатышат.
«Кечигип калган учурлар көп болот. Ошондуктан биз дагы бир мектеп курууну чечтик. Эми кудайым буйруса, бул мектепти быйыл, 2017-жылы ишке берсек деп турабыз», — деди Жолдошов.
Бул мектеп 100 окуучуга ылайыкталып курулуп жатат.
Автору: Акжол Тагаев
Редактору: Адилет Канат уулу