Кыргызстандын бардык аймактарында малга бирка басуу иштери жүрүп жатат. Иштер Нарын районунун Куланак айылында да жүргүзүлүүдө.
Малды идентификациялоо иши мал ээсине алда канча жеңилдиктерди алып келет дейт Куланактын мал доктуру Райымбек Кеңешбеков.

«2017-жылдын март айынан тартып Кыргызстанда малдарды идентификациялоо иштери башталган. Иш-чара Куланакта аяктап калды. Малды сатууда, башка мамлекеттерге экспорттоодо оңой жана кылмыштуулуктун алдын алат. Учурда бирка уйларга гана тагылып жатат, 1 уйга 100 сом, дагы кийинки жылдарда мал жандыктарынын бардык түрүнө тагылат. Мындан тышкары бруцеллез жана башка жугуштуу ооруларга карата уйлардан кан алынып, ийне сайылды», — деп билдирди Кеңешбеков.

Айрым айыл тургундары бирка басуунун баасына нааразы болуп жатышканын билдиришти. Атын атагысы келбеген Куланак айылынын жашоочусунун айтымында, колунда жок үй-бүлөлөргө акча каражаты жактан кыйын болуп жатат.
«Бир уйга бирка басуу 100 сом экен. Менде бардыгы болуп 5 уюм бар, аларга бир бергенде 500 сом бериш керек болуп калат. Мен андай акчаны таба албай калам, ошондуктан мындай иш-чараларды жасабай деле коюшса болмок. Мен 500 сомду 1 айда, ошондо дагы тапсам табам, таппай калсам жок. Колунда жок үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө эле түшкөн түйшүк экен, кичине арзандатса болмок», — деди айыл тургуну.
Куланак айылынын дагы бир тургуну Акматбек Алымкулов малга бирка басуу иштеринин оң жактарына токтолуп кетти.

«Учурда малдар абдан көп жоголуп жатпайбы, ошондуктан мал жоголсо дагы ушул биркасы аркылуу таап аласың. Ал эми ийне сайып, кан алып турса, малдын саламаттыгынан күмөн санабай дени сак болот», — деди Алымкулов.
Даярдаган: Мырзайым Айдарбекова
Тренер: Ырысбай Адамалиев