14-сентябрь күнү «Соң-Көл» мультимедиа борборуна жаңы ыктыярчылар кабыл алынып, аларга медиа-тренинг өткөрүлдү.
Медиа-тренингди медианын кабарчысы Айпери Марлес кызы жана жетекчиси Бурул Майрамбек кызы өттү. Жалпы 17 ыктыярчы кабыл алынып, маалымат жазуу, аны топтоо, сүрөткө тартуу, интервью алуу жана башкалар тууралуу жаңы билимдерге ээ болушту. Тренинг соңунда ар бирине тапшырмалар берилип, практикалык иштер аткарылды.
Айпери Мелисбек кызы тренингде подкаст форматын даярдоого абдан кызыкканын баса белгилейт
Суроо түзүү, аны каарманга берүү боюнча машыгуу иштери болду
Эң кенже ыктыярчы Акмарал Өмурбекова
Ар бир топтун аткарган тапшырмалары кызыктуу болду
Берилген тапшырмаларды топтордо аткарып жатышты
Айрымдары бат өздөштүрүүгө жетишишти
Алгач тема тандоодон, суроо түзүүдөн башташты
Ар бири активдүүлүгүн көрсөтүштү
Айпери Марлес кызы мыкты тренинг өттү
Бурул Майрамбек кызы ыктыярчыларга форматтар тууралуу толук маалымат берди
Жасмин Мырзабекова
322